Птолемейлер, Лагиддер – Байыркы Египетти биздин заманга чейинки 305–30-жылдары башкарган падышалык династия.
Александр Македонскийдин аскер башчыларынын бири Птолемей I Сотер (биздин заманга чейинки 305–283-жылдары бийлеген) биздин заманга чейинки 305-жылы негиздеген. Птолемей I айыгышкан согуштар менен Киренаиканы, Түштүк Сирия менен Кипрди каратып, падышалыктын аймагын кеңейтип, ири державага айланткан. Птомелей II Филадельф (биздин заманга чейинки 285–246-жылдары бийлеген) мезгилинде Кичи Азия менен Эгей деңизинин бассейыиндеги бир катар жерлер падышалыкка кошулуп, Александрия шаары сооданын, кол өнөрчүлүктүн жана маданиятттын ири борборуна айланган. Птолемейлер мамлекети Птомелей III Евергеттин (биздин заманга чейинки 246–221) тушунда өтө гүлдөп, аймагы да кеңейтилген. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын аягынан Египеттеги ички саясий жана социалдык өз ара карама-каршылыктардан жана Селевкиддер менен согуштардан өлкөнүн абалы начарлаган. Биздин заманга чейинки 30-жылы Октавиандын (Август) тушунда птолемейлер мамлекети Рим империясына кошулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Птолемейлер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.