Психофизика — психологиядагы сезүү органдарынын психофизиологиясын изилдөөчү багыт.
Ал таасир күчү (дүүлүктүргүч күч) менен сезүү даражасынын арасындагы катышты математикалык мыйзамдар негизинде туюнтууга аракет кылат. Бул багытты өөрчүтүүгө француз физиги П. Бутер (1698-1758), немис физиологу Э. Вебер (1795-1878) салым кошкон. Психофизиканын адисдештирилген багытын немис философу жана физиги Г. Фехнер (1801-1887) негизде генералдык Ал дүүлүктүргүч күч менен сезүү даражасынын ортосундагы логарифмдик көз карандылык мыйзамын ачкан. Психофизиканы өзүнчө илим катары бөлүүгө болгон аракет ордунан чыккан эмес. Анын негизги кемчилиги татаал процесстерди физиологиялык мыйзам ченемден ажыратып карагандыгында.
Психофизика бекемдеген кээ бир бөлүктөр биофизикада жаңыча түшүндүрүлөт.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Психофизика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.