Популизм (латынча populus – эл) – кризис учурунда коомдо пайда болуучу саясий-идеялык кыймылдар.
Коомдо социалдык маселелер курчуп, тирешүү күчөп турган шартта калктын айрым катмарларынын (ири фермерлер, майда дыйкан чарба ээлери, мугалимдер, интеллигенция, калктын жумушсуз жакыр чөйрөсү ж. б.) көйгөйүн чагылдырат. Популисттерге көбүнчө саясий же идеялык багыты жок, жеке кызыкчылыктары үчүн өкмөттөн өз кызыкчылыктарына ылайык чечимдерди чыгартуу мүмкүнчүлүгүн (жетүүнүн жолун) издеген адамдар кирет. Буга көбүнчө харизмалуу лидерлер тартылат. Алар көбүнчө калк ичиндеги күнүмдүк майда көйгөйлөрдү көтөрүү аркылуу жетишкен «элдик добушка» таянат. Биринчи популисттик партия АКШда 1891-жылы айрым фермердик союздар менен жумушчу уюмдардын бирикмеси катары түзүлгөн. Алардын негизги программалык талаптары: корпорациялардан ашык жерлерди алуу, телефон жана телеграфты мамлекеттик менчикке өткөрүү, салыкты азайтып, салыктын прогрессивдүү түрлөрүн киргизүү ж. б. болгон. Популисттердин көтөргөн идеясы «бардык адамдар бирдей төрөлөт, бирдей укукка ээ», ошондуктан «бирдей мүмкүнчүлүк» принциптерин кайра жаңыртуу зарыл деп эсептейт. Популизмге негизинен саясий аракеттерди (нааразылык акцияларын, митингдерди), бийликтин ички жана тышкы саясатына каршы жүрүштөрдү өткөрүү мүнөздүү. Азыркы учурда популизм саясаты СССРдин кулашы менен эгемендүүлүккө жеткен өлкөлөрдө кеңири жайылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Популизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.