Вэлфер (англисче welfer жыргалчылык) – америкалык система боюнча социалдык жардам көрсөтүүнүн пособиеси.
Ал бюджет каражаттарынан акча трансферттери, ошондой эле натуралай пособие түрүндө төлөнөт. Акча пособиелерине жакырчылык боюнча, үй-бүлөлүк жана балдар пособиелери, анын ичинде көп бүлөлүүлөргө пособие, баа субсидиялары ж. б. кирет. Натуралай пособиелер азык-түлүк жагынан жардамдан тышкары билим берүүдө, саламаттык сактоодо, оорулууларга жана улгайгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Вэлферди дайындоо кирешелердин жана мүлктүн өлчөмдөрүн текшерүүнү болжолдойт. Пособие бардык иштеп тапкан кирешеси же/жана мүлкү тиричилик минумуму менен аныкталуучу жакырчылык чеги деп аталган белгилүү деңгээлден бир аз гана жогору же ага барабар адамдарга берилет. Тиричилик минимуму «керектөө себетине» кирген бардык жыргалчылыктын наркы менен белгиленет. Вэлфер алуучулардын кирешесинин өсүшү анын өлчөмүнүн азайышына негиз болот, ал эми кирешелердин белгилүү бир деңгээлине жеткенде төлөө токтотулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вэлфер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.