Повесть (кысса) — көркөм адабияттагы эпикалык түрдүн бир жанры; көлөмү, турмушту сүрөттөө жагынан роман менен аңгеменин аралыгында турат.
Сюжеттин борборун баш каармандын тагдыры ээлейт, чыгармадагы негизги маселе ошол каармандын өмүр тагдыры аркылуу чечилет. Повестте доордун татаал карама-каршылыктары романдагыдай кеңири планда камтылбайт, негизинен анын урунттуу учуру гана көрсөтүлөт. Мисалы, К. Баялинов «Ажар» повестинде Ажардын оор тагдыры аркылуу Октябрь революциясынын алдындагы кыргыз аялдарынын теңсиз турмушун, социалдык күрөштү ачык көрсөткөн. Адабиятта ички структурасы, камтылган мазмуну боюнча ангеме (Н. Гоголдун «Шинель») жана роман (Ч. Айтматовдун «Гүлсарат») жанрына жакын Повесттер бар. Ошондой эле анын ыр түрүндөгү (Б. Сарногоевдин «Баяс», М. Сейталиевдин «Медина» ж. б.) үлгүлөрү да кездешет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Повесть, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.