Назгүл Калмамбетова - жазуучу, журналист.
Калмамбетова Назгүл | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Калмамбетова Назгүл |
Туулган жылы: | 1972-жылы 30-апрель |
Туулган жери: | Комсомол айылы, Кочкор району, Нарын облусу |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | жазуучу, журналист |
Н.Калмамбетова Кочкор районунун Комсомол айылында 1972-жылы 30-апрелде төрөлгөн.
Айылынан орто мектепти аяктагандан кийин, 1990-жылы Фрунзе шаарындагы Касымаалы Баялинов атындагы китепканада эмгек жолун баштаган.
Андан соң "Бишкек шамы" гезитинде эмгектенген.
1998-жылдан 2001-жылга чейин "Сырдуу дүйнө" гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.
2001-жылдан 2007-жылга чейин «Кыргыз Караван» гезитинин, "Кыз-жигит", "Сен жана Мен", "Укмуштуу окуялар", "Адабий гезит" басылмаларынын кабарчысы, жооптуу редактору.
2005-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз журналистика факультетин аяктаган.
2008-жылдан ушул кезге чейин "Жаңы Агым" гезитинин кабарчысы.
2001-жылдан тартып Назгүл Калмамбетова кыргыз журтчулугуна жазуучу катары таанылды. Н.Калмамбетованын "Өгөй кыз" романы «Кыргыз Караван» гезитине басылып чыгып, андан соң анын "Кайнатанын каргышы", "Калбүбүнүн касамы", "Сүйүү жана байлык", "Мүрзөдө туулган бала", "Бейтаалай" роман, повесстери жарык көргөн.
2013-жыл:Станбек Усупов атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Калмамбетова Назгүл, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.