Орус-Жапон Согушу

Орус-жапон согушу ― Ыраакы Чыгыш үчүн Орусия менен Жапония империяларынын ортосунда чыккан согуш.

Анда империалисттик державалардын Корея менен Кытайды бөлүп алуу максатын көздөгөн.

Орус-Жапон Согушу

Жапония 1894–95-жылдагы согушта Кытайды жеңип, Тайвань (Формоза) аралын, Пэнхулэдао (Пескадор жарым аралы) жана Ляодун жарым аралын каратып, Кореяга да өз таасирин күчөткөн. Бирок Франция менен Германия колдогон Орусиянын кысымы менен Ляодун жарым аралынан баш тартууга мажбур болгондуктан, орус-жапон мамилелери начарлаган. Манжурияны каратуу максатын көздөгөн падышалык Орусия 1896-жылы Жапонияга каршы Кытай менен союздук келишим түзүп, Манжурияны басып алган. 1898-ж. аскер-деңиз базасын куруу максатында Кытайдан Порт-Артур (Люйшунь) жана Квантун жарым аралын ижарага алган. Улуу Британия менен АКШнын колдоосуна таянган Жапония 1902-ж. Улуу Британия менен союздук келишим түзгөн. 1904-ж. 27-январга караган түнү жапон флоту Порт-Артурдагы орус эскадрасына капыстан кол салып, орустардын «Варяг» крейсери жана «Кореец» кемеси чөктүргөн. 28-январда Жапония Орусияга согуш жарыялап, Манжурияга чыгууга жана Порт-Артурду курчоого мүмкүндүк алган. Порт-Артурду курчоо 157 күнгө созулган. Натыйжада согуш орус аскеринин жеңилиши менен аяктаган. 1905-ж. 23-августта Портсмут тынчтык келишими түзүлүп, Корея Жапониянын көзөмөлүнө өткөн жана Порт-Артур менен Квантун обл-на болгон Орусиянын ижаралык укуктары, Кытай темир жолунун Түштүк бутагы, Сахалиндин Түштүк аймактары Жапонияга өткөн.

Колдонулган адабияттар

Tags:

ЖапонияКорей жарым аралыОрусия империясыЦин империясыЫраакы Чыгыш

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Молдо КылычЛипидДиалогСинологияОтоо чөпТрофика деңгээлиМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыКыргызстан сымап кендериЭлдик педагогикаАдабий тилОрганизмЦивилизацияАлмамбетКиринди сүйлөм“Алтын кыз” (драма)БиосфераКадамжай районуТүштүк КореяЖай мезгилиАпрель революциясыОрмон ханАйлана чөйрөнү коргооМанас эпосунун өзөктүк окуяларыБухгалтерияКош сөздөрОкутуу методуИндияКушчу (уруу)МеталлБайтик баатырСууАба (атмосфера)Исаков, Бектур СыдыковичКыргызстандын гербиСаяпкерДиний ИшенимдериКүн системасыАлай районуКөмүр кендериКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаХунМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыКуйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)КамсыздандырууОрфоэпияБөйрөкЖаңыл МырзаАнтисептикаБаланын укуктары жөнүндө конвенцияРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Ат атоочКаакымБилим берүүБурана (мунара)МутацияӨпкөнүн сезгенишиКыргыз элчиликтериКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыБашкы баракИчкиликЖыт сезүүӨгөй эне-өз энеЧоң казатСтамов АсанбекТүрк кагандыгыБиринчи дүйнөлүк согушЖандоочБразилияКоомТуруктуу өнүгүүТишТаң алдында (роман)ЖаныбарАт-Башы районуНеологизмОтун-энергетика ресурстары🡆 More