Оксфорд – Улуу Британиядагы байыркы шаар.
Калк арасында «студенттер шаары» деп аталат. Темза дарыясынын боюнда, Англиянын түштүк-чыгышында жайгашкан. Оксфордшир графтыгынын административдик борбору. Калкы 146,7 миң (2010). Автомобиль кураштыруу, полиграфиялык өнөр жай ишканалары, үстү жабык базар иштейт. Оксфорд университети (1117-ж.; дүйнөдөгү англис тилиндеги эң мурдагы, неоготика жана классика стилинде), коллеж (14–19), Ашмола музейи (1683) бар. Алгач 912-жылдан эскерилет. Эски университет шаарчасы (12-кылымда негизделген), Бэсттин музыкалык аспаптар коллекциясы сакталган. Соңку роман стилиндеги собор (12-к.), роман жана готика стилиндеги чиркөөлөр (13–15-к.), Бодлеан китепканасы (1598, фондунда 6 млнго жакын китеп бар), университет коллеждеринин архитектуралык (1458) ансамбли шаарды өзгөчөлөнтүп турат. Ботаникалык бак уюштурулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Оксфорд, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.