Николай II, Николай Александрович Романов – Россиянын акыркы императору , Александр IIIнүн уулу.
5. 1868, Царское Село, азыркы Пушкин ш. – 17. 7. 1918, Екатеринбург] – Россиянын акыркы императору [21. 10(2. 11). 1894 – 2(15). 3. 1917], Александр IIIнүн уулу. 1894-жылы Николай II гессен-дармштадт улуу герцогдун кызы – Алисага (Александра Фёдоровна) үйлөнгөн. Николай IIнин төрт кызы жана уулу – Алексей (1904) болгон. Мамлекеттик иш үчүн кем акылдык кылган, көшөрүп айтканын бербегендиги жана эрки жоктугу менен айырмаланган. Кийин мамлекеттик маселелердин көбүн ханыша чечип, Григорий Распутин сыяктуу авантюристтердин таасиринде калган. Ак сөөктөрдүн бийлигин чыңдоо үчүн оокаттуу дыйкандарга таянууга (к. Столыпиндик агрардык реформасы), Мамлекеттик думаны түзүүгө (1906) аракеттенген. Николай IIнин мезгилинде революциячыл кыймыл күчөп, ал ага каршы армияны, полицияны, сотту, «полициялык социализм» чараларын пайдаланган, агрессиячыл тышкы саясатты активдештирген [к. Орус-жапон согушу (1904–05)]. Петербург жумушчуларынын тынчтык жүрүшүн аткандыгы үчүн [к. Тогузунчу январь (1905)] «Канкор Николай» атка конгон. 1917-жылыФевраль революция сында 2(15)-мартта тактан баш тарткан, 8(21)-март Николай II үй-бүлөсү менен Александровск хан сарайында (Царское Село) камакка алынып, адегенде Тобольскиге, Октябрь революция сынын жеңишинен кийин Екатеринбургга айдалган. Урал Облусттук советинин токтому боюнча атылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Николай II, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.