Метафизика (гр.
meta ta physika – физикадан кийинки) – болмуштун сезимге чейинки принциптери (тажрыйба аркылуу таанып – билүүгө болбогон) жөнүндөгү философиялык окуу. Метафизика термини Аристотелдин философиялык мурастарынын бөлүктөрүнүн белгилениши катары биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон жана сөзмө сөз «физикадан кийин эмне келип чыгарын билдирет» деген түшүнүктү туюнтат. Аристотелдин ишеними боюнча бардык илимдер үчүн милдеттүү өзүнүн философиялык окуусу «биринчи философиянын» маанилүү бөлүмү, кыязы жогорку, сезүү органдары үчүн жетишсиз болгон, акыл менен гана жетишилген жана бардык жандуулардын өзгөрбөс башатын изилдейт. Ушул мааниде Метафизика термини кийинки философияларда колдонулган. Жаңы мезгилде метафизиканы диалектикага каршы ыкмасы катары таанып билүүдө бир тараптуулуктун натыйжасы катары, буюмдар жана кубулуштар каралган учурда бири-биринен көз карандысыз жана өзгөрбөөчү катары түшүнүү келип чыккан, жаратылышта жана коомдо өнүгүү булагы катары ички карама каршылыкты танат.
Колдонулган адабияттар
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Метафизика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.