Манагуа

Манагуа – Никарагуа Республикасынын борбору, шаар.

Шаар айланасы менен өзүнчө административдик бирдикти – Манагуа улуттук округун түзөт (калкы 1,8 млн). Тынч океандан 45 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 60 м бийиктикте. Манагуа көлүнүн жээгинде, тектоникалык депрессия зонасында (катуу жер титирөөлөр болуп турат) жайгашкан. Калкы 927,2 миң (2010). Панамерика шоссесиндеги ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, тамак-аш, химиялык, булгаары–бут кийим, цемент, нефть ажыратуу өнөр жай ишканалары иштейт. Манагуа Борбордук Америкадагы илим менен билимдин түштүк борбору. Университеттер, Философия улуттук, География жана тарых академиялары, илимий коомдор, музейлер (анын ичинде улуттук, революция ж. б.), улуттук архив жана парк бар. Барокко стилиндеги Эстелик ак сарайы, муниципалдык собор сакталган. Калган курулуштары соңку мезгилге туура келип, бир кабаттуу; жер титирөөгө туруктуу имараттар салынган.

Манагуа
Манагуа.

Манагуа испандар тарабынан 16-кылымда негизделген. 1823-жылдан 1838-жылга чейин Борбордук Америка кошмо провинциясынын федерация курамына кирген. 1846-жылы шаар статусун алган. 1858-жылдан Никарагуанын борбору. Шаар бир нече жолу табигый кырсыктарга (1972-жылы жер титирөөдөн, 1998-жылы Митч ураганынан) учурап, кайра калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Борбордук АмерикаДеңиз деңгээлиМузейНикарагуаТынч океанУниверситет

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жакыпбеков АшымРеанимацияЗаара бөлүп чыгаруу системасыТеатрКөөнөргөн сөздөрАбанын булганышыТекстКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүСөзБруцеллёзКурактык психологияКыргызстандагы жаныбарларТокойЖарыктын поляризациясы (ЖП)Өлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиЭлебаев МукайҮнсүз тыбыштарЭлементтер мезгилдик системасыМетафораАнтон МакаренкоИнфекцияАдам укуктарыМультимедиаИчтин катуу кармоочу оорусуЧубак (баатыр)Кыргыз автономиялуу облусуГрафикаӨтмө мааниКан айланууАк кеме (тасма)ХунРиторика.Риторика илими.Муун (лингвистика)1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириКыргызстанКислотаМорфологияКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүУлуу Кыргыз ДөөлөтүMicrosoft WindowsБышыктоочЖирафтарГеографиялык карталарАк кууларДезинфекцияТамак сиңирүү системасыДраматургияБайдылда СарногоевУкукТукум куугучтукАкчаАтомАмир ТемирТилКаныккан углеводороддорШайлоо укугуРуханий маданиятСүйүнбай ЭралиевКыргызстандын географиясыАтоочтук түрмөкБийликтин бөлүнүү теориясыТамырБаварияЖыл сүрүүОкутуу методуАраб халифатыКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыУлуу БританияАйтматовдун чыгармаларыЭмгек укугуМанастын күмбөзүХимиялык реакцияларКомпьютердик тармакАтоочтук сөз айкаштарыТүрк кагандыгы🡆 More