Көңүл-кейп (орус.
Настроение) – адамдын айлана чөйрөсүндөгү болмушту туюнуусунун туташкан формасы, аны жеке туюулардын абалы, санаалары, көңүл–кейпинин куунашы.
Адам көңүлүндө өзүнчө бир, «симптомикалык» формада тереңдеги туюндурулушун табат жана жеке өзүнүн жашоого мамилесин ишке ашырат, инсандык талаптарын турмуштук кырдаалдарга ылайык келтирүү жолу. Көңүл чөйрөсү бир тектүү эмес, адамдын баштан кечирип жаткан жалпы турмуштук «тонусунан» («көтөрүлгөн» же «чөккөн») ажыратылбастан турмушту сезип-туюу формаларында ушунчалык даана туюндурулган.
Мисалы: зеригүү, көңүлсүздүк, кайгы, муң, капалык, сарсанаа, сарубайым, коркуу, аргасы кетүү сыяктуу же, кумарлануу, шаттануу, сүйүнүү, үмүт, чери жазылуу, көңүлү сергүү ж. б. Адамдын бүткүл көңүл кейпинде жана ишмердигинин жалпы маанилик контекстинде жүрүп, көңүл-кейп ичтен гана өтүп, инсандын бүткүл баштан кечиргендери менен жасагандарын аныктайт.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Көңүл-кейп, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.