Кир жуугуч — кир буюмдарды механикалык жол менен жуучу машина.
19-кылымдагы алгачкы кир жуугуч түзүлмө жыгачтан жасалып, кир кол менен жуулган. Кийинчерээк электр кыймылдаткычы аркылуу айлануу кыймылына келүүчү барабандан суу ысытуучу жана сыгуучу түзүлмөдөн турган кир жуугуч пайда болгон. Биздин өлкөдө да бир канча типтеги кир жуугуч жасалган. Алардын бири азыркы кезге чейин үй тиричилигинде колдонулуп келаткан «Киргизия» машинасы. Азыркы кездеги кир жуугуч суу кирбөөчү тулкусунун ичинде жайгашкан атайын көзөнөкчөлүү барабандан турат. Барабан жай айланганда, кир жуулуп, ал эми ылдам айланган учурда кир сыгылат. Суу куюлгандан баштап ысытуу, жуу, сыгуу, кургатуу, суу төгүү иштери атайын микропроцессорлордун жардамы менен автоматтык түрдө башкарылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кир жуугуч машина, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.