Кара Чоро

Кара чоро - геноним.

Элдик санжыранын маалыматтарында азык, черик, чекир саяк, саяк, багыш уруулары Кара чородон тарашары чагылдырылат. Геноним байыркы мезгилдерден белгилүү жана алгач Таластагы ташка чегерилген кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде (5-10-кк.) «Кара чур» формасында (болжолу, антропоним) эскерилет. Талас руникалык жазууларында баяндалган «Отуз оглан» (отуз уул), «Кара чур» (Кара Чоро), «Агулт» (Ак уул) энчилүү аттары, «ынал» титул-термини кыргыздарда гана учурайт. Кара Чоро 16-к. жашап өткөн Сайф ад- Дин Аксикендинин «Маджму ат Таварихинде» Тагай бийдин алты уулунун бири катары баяндалган. Изилдөөчүлөр «кара» термини түрк тилдүү элдерде (урууларда) «эл», «масса», «көпчүлүк», ал эми «чур», (чоро) - титул, энчилүү уруу атын туюнтарын белгилешет. Чоро - байыркы түрк тилдеринде төмөнкү маанилерди туюнткан: 1. Кожоюн, башкаруучу, ээлик кылуучу; 2. Союз, биримдик, бир жамаат. Демек, жогорудагы маалыматтар генонимдин так маанисин ачып көрсөтөт. «Манас» дастанында «Кырк чоро - Манастын баатырдык кошуну, нөөкөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу» деген аныктама берилет. «Кара чоро» геноними кыргыздарда Энесай доорунан эле белгилүү болгон. Шорлордун курамында азыркы учурда «кара чор» аттуу урук сакталып келери аныкталган. Бул шорлордун курамындагы байыркы кыргыз этнокомпоненти болуусу толук мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Андронов маданиятыБаяндамаОрхон-Энесай Жазууларынын ЭстеликтериБоз үйдүн негизги жабдууларыАлаш (партия)БышыктоочТелескопДүйшөнкул ШопоковАбдылас МалдыбаевАлымбек даткаМамлекеттик бюджетИсхак РаззаковЖазгыч акындарАвстралия (континент)Тоголок МолдоҮндүү тыбыштарЛексикографияЫсык-Көл мамлекеттик коругуКосмосКулмырза менен АксаткынПроекцияАминдер«Кыргыз» этнонимиКудайлар тууралуу мифтерЖаргак шымПопуляцияЖер атмосферасы«Манасты» которууСак уруусуМиланЖасалма интеллект деген эмне?Андрон маданиятыЖаз мезгилиЭмгек ырларыДарыяСүйлөм мүчөлөрүТоо арасында (роман)Абстрактуу түшүнүкБилимОптикаЖапый уулу ТыныбекМанас эпосуЗат атоочАскердик антАсанкан ЖумакматовПрокуратураКызыл алма (тасма)Токтогул СатылгановОсмонкул БөлөбалаевТаш-РабатЭссеМанас эпосу, ЭнциклопедияКөк жөтөлОозул (стоматит)«Букара» биримдигиДемократияАскар АкаевМыйзам (укук)АтомКыргыз Республикасынын Кызыл китебиХимияТелибай тентекЧакчылСыдыков, ДөөлөтбекЛексикологияКалька лексикологиядаПрокси серверЭлектр каршылыгыУсубалиев Турдакун УсубалиевичЖыл сүрүү жадыбалыБийликHTMLОтоо чөпМанас эпосунун өзөктүк окуяларыГаздардагы электр разрядыКараханийлер кагандыгыАргентинаМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?🡆 More