Кара көңдөй (black hole) – жалпы салыштырмалуулук теориясы тарабынан орун алары алдын ала айтылган космос объектиси.
Гравитациясы ушунчалык күчтүү болгондуктан нур же электромагнеттик толкундар же башка нерселер кара көңдөйдүн горизонтунан качып кутула албайт.
Алар өтө чоң космос телолорунун кысылуусунан, башкача айтканда гравитациялык коллапста пайда болот. Кара көңдөйдү өзүнө тартуу күчү, сырттан түшкөн газдардын тормоздук таралышы бонча байкоого болот. Азыркы көзкараш боюнча кара көңдөйлөр өтө чоң жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясы катары каралат. Биздин Галактикада көп сандаган кара көңдөйдүн болорун астрономдор болжолдошууда. Кара көңдөйдүн болуу мүмкүндүгүн 1798-ж. Лаплас Ньютондун тартылуу законунун негизинде алдын ала айткан болучу. Ал жарыкты өтө майда бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндө элестеткен.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кара көңдөй, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.