Кара кытайлар (кара кидандар) - Түндүк Чыгыш Кытайдагы (907-1125-жж.) Ляо мамлекетин негиздеген көчмөн, жарым көчмөн калк.
Кара-кытайлар тунгус-манжур тилдеринин бир диалектисинде сүйлөшкөн. Чжурчжендердин соккусу астында кулаган кара кидандардын (кара кытайлар) басымдуу бөлүгү батышты (бүгүнкү Монголия, Орто Азия) көздөй чегинишкен. Алар азыркы Монголиянын аймагында эрте орто кылымдар мезгилинен байырлаган кыргыздар тарабынан катуу каршылыкка учурашкан. Кара кытайлардын аскердик кысымынан улам, кыргыз этносу экиге бөлүнүп калган. Натыйжада, кыргыздардын азыркы Монголиядан Хакас-Минусин, Тува, Тоолуу Алтай аймактарында калган бөлүгү «Энесай кыргыздары» деген ат менен өз алдынча этностук өнүгүүгө ээ болушканы маалым. Чыгыш Түркстан, бүгүнкү Кыргызстан жана ага чектеш аймактарда жайгашкан кыргыздар өз алдынча этностук өнүгүүгө, калыптанууга багыт алган. Кара кытайлардын өздөрү түрк тилдүү этностук чөйрөгө сиңип кетишкени илимде белгилүү. Түрк тилдүү элдерде, анын ичинде кыргыздарда кара кидандар «кытаи», «кыдат» деген ат менен белгилүү болушкан. «Кара» деген компонент «көп сандуу», «абдан көп», «сансыз» маанисин туюнткан. Бул энчилүү ат кийинчерээк ханзуларга (бүгүнкү кытайлар) Жана алардын мамлекетине (Кытай) түрк тилдүү элдер тарабынан берилген ат катары калыптанып калды. Кыргыздардын курамындагы «кытай», «кара кытай», «сары кытай» этнонимдери 11-12- кк. келип кирген кара кидан (кара кытай) этнокомпоненттери кыргыз - кара кытай этностук алакаларын чагылдырат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кара кытайлар (кара кидандар), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.