Канцероген заттары – организмге таасир эткенде рак жана башка шишик ооруларын пайда кылуучу түрдүү химиялык бирикмелер.
Алар кээ бир өнөр-жай жана өндүрүш таштандылары менен булганган абада, мештен чыккан ышта, тамеки түтүнүндө болот. Өпкө рагы менен тамеки тарткандар көп ооруйт. Андан тышкары кээ бир амин кислоталарынын, белоктордун алмашуусу бузулганда да шишиктер пайда болот. Ошондой эле тышкы чөйрөнүн терс таасири – абанын булгануусу, нурлануу жана башка себеп болот. Организмге кирген Канцероген заттарынын таасири анын өлчөмү мн таасир этүү мөөнөтүнө байланыштуу. Рактын алдын алууда жеке тазалыкты сактоо, атмосфералык, аба, суу, жер кыртышы, тамак-аш азыктарын Канцероген заттары менен булгануудан коргоо чоң мааниге ээ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Канцероген заттары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.