Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети

И.

Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Жалпы маалымат
Эл Аралык аталышы: I. Arabaev Kyrgyz State University
Урааны: Билимдүү - миңди жыгат, Билимсиз - бирди жыгат
Түптөлгөн жылы: 1970-жыл
Тиби: Мамлекеттик
Ректору: Абдырахманов Төлөбек Абылович
Студенттер: 18 000 (2011-жыл)
Окутуучулар: 2 500 (2011-жыл)
Жайгашкан орду: Кыргызстан желеги Бишкек: Ала-Тоо аянты, 10-кичи район жана 8-кичи район
Кампус: маалымат жок
Юридикалык дареги: 720026, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Раззаков көчөсү 51
Сайты: [1]
Сыйлыктары: белгисиз

Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети — жогорку окуу жайы жана Кыргыз Республикасындагы эң эски университеттердин бири болуп саналып, Кыргызстандын биринчи Алиппесин түптөөчүсү, көрүнүктүү ойчул, акылман жана илимпоз Ишеналы Арабаевдин ысымын алып жүрөт. Кыргыз ССР БАКтын 1944-ж. 15-декабрдагы токтому менен 1945-ж. 1-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында Кыргыз кыз-келиндер окуу жайы уюшулган. Анын базасында 1950-ж. Мугалимдер институту, 1952-ж. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту ачылган. 1992-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институт, 1994-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУ деп аталат. Учурда университетте 13 миңден ашуун студенттер билим алышууда. 1000ден ашуун профессор-окутуучулук курамынан турган эмгек жамааты эмгектенет (2003). Университетте 9 институт (чыгыш элдеринин тили жана маданияты, мамлекеттик тил жана маданият, жаңы информациялык технология, Европа цивилизациясы, дүйнө тилдери, экология жана жаратылышты пайдалануу, педагогика жана психология, гуманитардык билим берүү, адистерди кайра даярдоо жана билимин жогорулатуу), 4 борбор (экономика жана менежмент, коомдук адистерди даярдоо, маданий билим берүү жана жогорку окуу жайына даярдоо), 2 лицей бар, ошондой эле чет элдик окуу жайлары менен байланышты ишке ашырып турган эл аралык бөлүм да бар. Ректору – А. А. Асанканов.
Университетте 2011-12 окуу жылында 18000 студент, 2000 окутуучу бар.

Карамагындагы институттар

  • Гуманитардык Билим Институту
  • Мамлекеттик Тил жана Маданият Институту
  • Тарых жана Социалдык-Укуктук Билим берүү Институту
  • Лингвистика Институту
  • Жаңы Маалымат Технологиялар Институту
  • Педагогика Институту Archived 2014-05-04 at the Wayback Machine
  • Квалификацияны Жогорулатуу жана Кайра Даярдоо Институту
  • Экономика жана Менеджмент Институту
  • Экология жана Туризм Институту

Колдонулган адабият

  • Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек-2003.


Tags:

АлиппеАрабаев, ИшеналыБишкекКыргыз РеспубликасыУниверситет

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Айлардын кыргызча аталышыКыргыз Республикасынын экономикасыИнфекцияАк кеме (тасма)Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү КорпорациясыАк кеме (чыгарма)Каспий деңизиБоз үйдүн негизги жабдууларыАкулаБириккен Улуттар УюмуЖүлүнКыргыз сомуЭнесай Кыргыз кагандыгыЭтнопедагогикаЭкинчи дүйнөлүк согушАскердик тартипМидин АлыбаевКыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата ЖуртуЖаратылыш ресурстарыКумурскаОрдо оюнуКыргызстан тарыхыОрозоКусеин КарасаевДекларация (жарнак)Жусуп БаласагынИчтин катуу кармоочу оорусуКан айланууКаада-салтБаланын укуктары жөнүндө конвенцияСабира КүмүшалиеваТүйүлдүкГрафикаГезитWi-FiНеологизмКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү“Алтын кыз” (драма)ДиалектИч көбүү (метеоризм)Биринчи жардамРиторика.Риторика илими.Аялдардын эл аралык майрамыӨмүр баянКиринди сөзАбдыкерим СыдыковХадисИнтерактивдүү окутууКыргыз оюм чийимдериАфины (байыркы)Тууранды сөзИчки Теңир-ТооКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүЭкосистемаМухаммед пайгамбарСөз түркүмүКалктын жыштыгыТерроризмАрстанбек Буйлаш уулуБенжамен Блумдун таксономиясыКлетка теориясыМакал-ылакаптарОш облусуСоветтер Союзунун баатырларыКошойПётр Ильич ЧайковскийСөз айкашыКурактык өзгөчөлүкУкукДене тарбияСөздүн маанисиЖусуп Баласагындын Кут Билим дастаныКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрБиблиографияДыйканчылыкТарыхНеологизмдерМинералдык жер семирткичтерЖер-суу реформасы🡆 More