Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети (өзб.
Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайы. 1918-жылы Ташкенде Элдик университет катары негизделип, 1920-жылдан Түркстан университети, 1923-жылдан Орто Азия коммунисттик университети деп аталган. 1954-жылы В.И. Лениндин ысымы берилген. Бул университетке Орто Азиядагы жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү кабыл алынып, жогорку квалификациялуу партиялык, советтик, профсоюздук, комсомолдук адистер жана журналисттер даярдалган. Кыргызстандан да партиялык, советтик, коомдук көп жетекчилер тарбияланып чыккан. 1960-жылдан 2000-жылга чейин Ташкен мамлекеттик университети. Ошол эле 2000-жылы бул окуу жайга улуттук университет макамы берилип, окумуштуу Улугбек ысымы ыйгарылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Өзбекстан улуттук университети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.