Исфахан – Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар.
Исфахан останынын (Администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Зайендеруд дарыясынын боюнда. Калкы 1,6 млн (2008). Жолдор тоому. Метрополитен курулууда. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөдөгү экинчи (Тегерандан кийинки) соода-өнөр жай борбору. Исфахан 16-кылымдын аягынан 8-кылымга чейин Ирандын борбору болгон. Антика мезгилинин географтары «Асиадан» деген ат менен эскерет. Исфахан 10–13-кылымдарда Жакынкы Чыгыштагы эң ири шаарлардын бири. Текстиль (көбүнчө жүн), тамак-аш, цемент, химиялык өнөр жай ишканалары, металлургия заводу иштейт. Университет бар. Шаардын эски бөлүгү көркөм кол өнөрчүлүктүн жана миниатюранын борбору. Чоң мечит (9–20-кылымдар), минарет (11–12-кылымдар), мавзолейлер (14–16-кылымдар), Мейдане-Шах аянтындагы ансамбль мечити менен (17-кылым, Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген), Али-Капу ак сарайы (15–17-кылымдар), бак-дарактуу павильондор сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Исфахан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.