Ипохондрия — өз ден соолугу үчүн өтө кооптонуп чочулаган оорулуу абал.
Ипохондрияга невроз, психопатия, депрессия жана башка психикалык оорулар себеп болушу ыктымал. Адам божомол сезимдерге берилет да, саламаттыгына тиешеси жок ооруну өзүнө жабыштырат. Ага муңайым, сестенген, басмырт маанай мүнөздүү. Алар дайыма шексинип, өз организминин иштөөсүнө өтө көңүл бурат, нормадан бир аз эле четтесе, өздөрүн оорулуу сезет, дарыгерге кайрылып, көп текшерүүлөрдөн өтөт. Алар ишеним ооруларына чалдыгат, өзүмчүл келип, айланасындагылар көңүл бурбай жаткансып дайыма нааразы болушат. Ипохондрия ноокасты эмгекке жарамдуулугун жоготуу абалына жеткирет. Анын жакындарынын чыдамы кетип уруша башташат же ноокастын айткандарына ишенип, анын ооруга болгон ишенимин арттырат. Бул туура эмес, анткени айрым оорулар билинбей башталышы мүмкүн, аны Ипохондрияга жоруп, убакытты өткөрүп жиберүү мүмкүн. Айрыкча балдарга сак болуу зарыл. Эсер текшерүүдөн оору табылбаса дарыгер-психиатрга кайрылуу керек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ипохондрия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.