Инсулин — жаныбарлардын жана адамдын уйку бези иштеп чыгаруучу белоктуу гормон.
Химиялык жол менен синтезделген гормондордун эң алгачкысы. Инсулин организмдин глюкозаны сиңирүүсүн, боордо гликогенди синтездөөнү жана анын булчуң талчаларында топтолуусун камсыз кылат, майдын пайда болушун, белоктун синтезин күчөтөт. Инсулинди көп өлчөмдө куйганда глюкозанын көбү кандан скелет, жүрөк булчуңдары, эмчек жана башка органдардын клеткаларынын ичине өтөт. Натыйжада глюкоза канда азайып, нерв системанын клеткаларына жетишсиз келет. Ошондуктан, мээ менен жүлүнгө глюкоза жетишпей мээнин иши бузулуп, инсулин шогу, башкача айтканда гипогликемия пайда болот. Бул абал глюкозанын кандагы өлчөмү 45—50 мг % ке түшкөндө (нормада ал 80—120 мг %) болот. Глюкозаны венага куйганда инсулин шогу жоголот. Инсулиндин жетишсиздиги кант диабетине алып келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Инсулин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.