Инбридинг (англ.
inbreeding - ичинен төлдөтүү) - бир популяция ичиндеги организмдердин тектеш формаларын аргындаштыруу. Өзү менен өзү чаңдашуучу өсүмдүктөрдө (буудай, арпа, буурчак, гозо жана башка) И. дайыма болуучу кубулуш. Кайчылаш чаңдашуучу өсүмдүктөрдө жана малда, И. учурунда, зыяндуу гендерден улам, организм жабыр тартышы мүмкүн. И-дин зыяндуу таасири (Мисалы, жүгөрүнүн, картошканын сабагы өспөй түшүмдүүлүгү начарлайт) көп байкалат. Тоокту жыл сайын тектеш жупташтуруудан алынган жөжө борпоң жана кунарсыз келет. Эки бир туугандын балдары баш кошсо, анын балдары тукум куума оорулар менен көп жабыркап, тубаса майып, өлүү туулушу же жашынан өлүп калышы байкалат.
Айрым учурда малга узак убакыт И. колдонуу менен туруктуу тукум алууга болот. Академик М. Ф. Иванов И-ди жаңы порода түзүүдө кездешүүчү элементтердин бири деп эсептеп, украин ак чочкосун чыгарууга колдонгон. Кээ бир жерде өсүмдүктөрдүн өз ара чаңдашуусу жана жаныбарлардын жупташуусу менен сейрек жолугуучу формалар түзүлөт. Мисалы, Н. И. Вавилов байкаган Памирдеги кара жана жумшак буудай жана башка.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Инбридинг, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.