Жердин магнит талаасы – диполдукуна окшоп кетет.
Жер шарынын географиялык уюлдары анын магниттик уюлдары менен дал келишпейт жана алардын айырмасы 11,5° ту түзүшөт. Жердин түндүк уюлуна магнит талаасынын түштүк уюлу, ал эми анын түштүк уюлуна магнит талаасынын түндүк уюлу туура келет. Жердин магнит диполунун ийини (моментинин) чоңдугу 8,3Ч1022 А*м2, ал эми Жердин бетиндеги магнит талаасынын индукциясынын орточо мааниси 5Ч10-5 Тлга барабар.
Жердин магнит талаасынын пайда болушунун себептери жөнүндө ар түрдүү теориялар бар. Бирок алардын ичинен, эксперименталдык фактыларды канааттандыра турганы – Жердин ядросундагы суюк өткөргүчтүү заттын конвекциялык кыймылынан пайда болгон магнит талаасы жөнүндөгү теория жакыныраак келет.
Анткени Жердин ядросу жогорку температурадагы өткөрүмдүүлүккө ээ болгон суюк заттардан турат деген гипотеза бар. Жер өз огунун айланасында айланганда, борбордон четтөөчү күчтүн таасири астында өткөрүмдүү зат заряддалган катмарларга бөлүнүшү ыктымал. Кыймылдагы заряддалган катмарлардын айланасында магнит талаасы пайда болушу жалпыбызга белгилүү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жердин магнит талаасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.