Жарма-сай чопо кени – Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 4 км батышта, деңиз деңгээлинен 1120–1319 м бийикте жайгашкан.
1968–69-ж. Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен эки аянтка бөлүнөт. Биринчи аянт төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон кумайлуу топурактан турат. Кумайлуу топурактын астында шагыл жатат, үстү 0,3–0,5 м калыңдыктагы кыртыш менен жабылып турат. Кумайлуу топурактын калыңдыгы 3,0 мден 18,0 мге чейин өзгөрөт, орточосу 8,3 мди түзөт. Кумайлуу топурак лёсс сымал, өңү саргыч-боз түстө. Экинчи аянт палеоген мезгилинде пайда болгон чоподон түзүлгөн. Чопонун өңү саргыч күрөңдөн кызылга чейин өзгөрөт, сууда начар жумшарат, гипстүү. Узундугу 1000–1100 м созулат, калыңдыгы 30 мден 56 мге чейин өзгөрөт. Аймактын кумайлуу топурагына, экинчи аймактын чопосунан 20% кошсо, «75» жана «100» маркасындагы кыш даярдоого жарайт. Кумайлуу топурактын бекитилген запасы: В – 920 миң м3, С1–1415 миң м3, С2–842 миң м3. Чопонуку В – 207 миң м3, С1–128 миң м3.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жарма-сай чопо кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.