Евфрат — Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя.
Мурат жана Кара-Суу дарыясынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр менен кошулганга чейинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миң км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире платосу, Месопотамия ойдуңу аркылуу агат. Төмөнкү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуңуна куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга чейин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуңундагы жээктеринде оазистер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Рамади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаары орун алган.
Евфрат менен Тигрдин аралыгы байыркы цивилизациянын очогу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония макалаларын), байыркы Вавилон шаары Евфраттын боюнда турган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Евфрат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.