Дутар (фарсча дотар, до – эки, тар – кыл) – байыркы кылдуу музыкалык аспап.
Тажиктерде дутор, түркмөн, өзбек, уйгурларда дутар деген аталышта тараган. Тулкусу алмурут түспөлүндө келип, тыт жыгачынан чабылат. Моюну узун, 13–14 беренеге бөлүнгөн. Эки кылдуу; жибек же ичеги кыл тагылат. Добушу назик. Дутардын жөнөкөй түрү Тажикстандын тоолуу райондорунда жашаган элдердин арасында кеңири тараган. Дутар негизинен квартага, кээде квинтага күүлөнөт. Узундугу Памирде 750 мм, өзбекте, тажикте жана кытайда 1200–1300 мм. Дутар жеке жана коштоочу аспап катары пайдаланылат. Дутардын прима, альт, бас, контрабас түрлөрү өркүндөтүлгөн. Дутардын беренеси 20га жетип, доошу бийиктелет. Өзбек эл аспаптар оркестринде, ансамблдерде ойнолот, ырларды, аспаптык чыгармаларды коштойт.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дутар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.