Драва – Европадагы дарыя, Дунайдын оң куймасы.
Узундугу 749 км, алабынын аянты 40,4 миң км2. Негизинен Орто Дунай түздүгү (Словения, Хорватия) аркылуу агат, жогорку агымы Альп тоолорунан (Италия менен Австрияда) башталат. Орточо чыгымы 610 м3/сек. 105 км аралыкка кеме жүрөт, жогорку агымына ГЭС каскады курулган. Боюнда Филлах (Австрия), Марибор (Словения) жана башка шаарлар жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Драва, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.