Дарыкана ― дары-дармек, таңгыч материал, оорулууну багуу үчүн керектүү буюм жана башка медициналык товарларды даярдоочу, сактоочу жана берүүчү мекеме.
Дарыкана байыркы доордон баштап пайда болгон. Орусияда биринчи Дарыкана 1581-ж. ачылган. Дарыкана кызматкерлеринин милдетине дарылардын жарамдуулук мөөнөтүнө көз салуу, капысынан ооруп калган же кырсыкка учурагандарга врач келгенге чейин тез медициналык жардам көрсөтүү (бул максатта дары бекер берилет) кирет. Айыл жерлерде дарыкана кызматкерлери жапайы өскөн дары өсүмдүктөрдү чогултууну уюштурат. Дарыканаларда жогорку жана орто фармацевттик билими бар кишилер иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дарыкана, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.