Данги оникс кени Ош облусунун Ноокат районунда, Араван–Эскиноокат жолунан 1,5 км чыгыш тарапта, Аравансай суусунун Данги каньонуна кошулган жеринде.
Кендеги мрамор оникси канъондун боорунда линза жана туюк карст үңкүрлөрүндө уюма кыртыш түрүндө. Линзалардын узундугу 5–8 м, калыңдыгы 0,1–0,2 м. Түсү кызгылт, чанда жез сымал саргыч, жол-жол темгилдүү. Таш өтө кооз, блокторго жакшы бөлүнөт. Көркөм кооз буюмдарды жасаса болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Данги оникс кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.