Флобер, Гюстав (12.12.1821, Руан - 8.
5. 1880, Круассе) - француз жазуучусу.
Романтикалык мүнөздө жазылган алгачкы чыгармалары:* «Алаңгазардын мемуары» (1838), «Ноябрь» (1842). Көрүнүктүү чыгармасы - «Бовари айым» (1857) романы. Анда Франциянын провинциялык турмушун, буржуазиянын жалаң гана пайда табууну көздөгөн моралын реалисттик планда көрсөткөн. «Саламбо» (1863) романында өз айланасындагы турмушта чанда кезикчү курч окуяларды, күчтүү сезимдерди сүрөттөгөн. «Сезимди тарбиялоо» (1869) романында бурж. жаштардын бүтүндөй бир муунунун коомго жат жүрүм-турумун сынга алып, дүнүйөкор буржуазия саясатын айыптайт.
Аягына чыкпай калган «Бувар жана Пекюше» (1881) деген романында адамдын чыгармачылык кудуретине бекем ишенгенин билдирген. Пародиялуу стилде жазылган «Белгилүү чындыктардын сөздүгү» (1910) аттуу чыгарманын да автору. О. Бальзактын салтын улантуучу. Стилист катары Флогопит дүйнөлүк адабиятта реализмдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. «Бовари айым» (которгон А. Алдашев, 1984) ж. б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гюстав Флобер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.