Гомологиялык катар — бир же бир нече метилен топтору СН2 менен айырмаланып, химиялык касиеттери окшош, бирдей түзүлүштөгү органикалык бирикмелердин катары.
СН2тобу гомологиялык айырма деп аталат. Гомологиялык катар түшүнүгүн 1845-ж. 1-жолу франциялык химик Ш. Жерар сунуш кылган. Молекуладагы көмүртек атому n менен белгиленип, гомология катарына жалпы формула берилет. Метан СН4, этан С2Н6, пропан С3Н2 ж. б. алкандардын гомология катарынын жалпы формуласы Син2п+2. Молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддор: этилен С2Н4, пропилен С3Н6 ж. б. алкендердин (Син2п) гомология катарын түзөт. Бир негиздүү каныккан спирттердин: метанол СН30Н, этинол С2Н50Н ж. б. жалпы формуласы С Н2 +10Н.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гомологиялык катар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.