Геологиялык ярус (катар) — жалпы стратиграфиялык шкалада геологиялык бөлүмдүн бир бөлүгү, ташка айланган байыркы организм калдыктарынын белгилүү бир комплекси менен мүнөздөлгөн жанa бир геологиялык кылымдын ичинде пайда болгон тоо тектердин жыйындысы.
Геологиялык ярус Жердин геол. өсүп-өөрчүшүнүн белгилүү бир этабына туура келет. Анын көлөмү менен чеги Жердин жанa органикалык дүйнөнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир стадиясын чагылдырган геологиялык жанa палеонтологиялык белгилердин негизинде аныкталат.
Геологиялык ярус геологиялык зоналарга же горизонтторго бөлүнөт.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Геологиялык ярус, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.