Габсбургдар - 1282-1918-ж.
Австрияда, 1526-1918-ж. Чехияда жана Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516-1700-ж. Испанияда жана ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; Ыйык Рим империясынын императорлору (1742-45-жылдардан сырткары 1438-1806-ж. туруктуу башкарып келген). Габсбургдар тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-кылымдын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан габсбургдар графтар, 1135-жылдан Ортоңку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-ж. Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburqсе пилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-кылымдын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания жана анын Америкадагы колониялары) Габсбургдар бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин Габсбургдар австриялык жана испаниялык деген эки бутакка бөлүнүп кеткен.
1700-жылы Испаниянын баласыз королу Карл IIнин өлүмү менен Габсбургдардын испан бутагы токтолот. Испан тактысы француз Бурбон династиясына өткөн. Испан мурасы үчүн согушунун (1701-1714) натыйжасында европалык мамлекеттер испан тактысында Бурбон династиясын таанышкан. Испаниянын Европадагы ээликтери (Түштүк Нидерланддар, Италияда) австриялык Габсбургдарга өтөт.
Габсбургдардын эң акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916-18) учурда Австрия-Венгриянын Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүсү жана буржуазиялык революциянын жеңип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-ж. 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган габсбургдарды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо жана Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде габсбургдар тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Габсбургдар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.