Австрия-Түркия согуштары (16-18-кылым) - 16-кылымдын 20-жылдарынан негизинен Балкан жарым аралынын түндүк бөлүгү жана Венгрия королдугунун аймагы үчүн австриялык Габсбургдар менен Осмон империясынын ортосунда күрөш жүргөн.
1521-ж. түрктөр Венгрияга жортуул жасап Белградды ээлейт, кийинчерээк венгриялык-чехиялык армияны Мохач салгылашында талкалайт (29-август 1526). 1532-1533, 1540-1547, 1551-1562, 1566-1568, 1660-1664-ж. Австрия-Түркия согуштарынын жыйынтыгы Австрия менен Осмон империясы Венгрия королдугунун аймагын бөлүштүрүп алуу менен аяктаган. 1683-1699-ж. согуш Осмон империясынын аскерлеринин Австрияны басып кирүүсү, Венаны курчоосу менен (1683) башталып, түрктөргө каршы түзүлгөн коалициянын (Австрия, Речь Посполита, Венеция, 1686-ж. Орус падышалыгы) аскерлеринен жеңилген жана Европадагы ири аймактарынан айрылган. Ушундан соң түрктөр Борбордук Европадан чегинген. 1737-1739, 1788-1790-ж. Австрия-Түркия жана 1735-1739, 1787-1791-ж. орус-түрк согуштарында Орусия тарапта катышкан Австрия жеңилип калган соң, Осмон империясына Сербиянын жана Валахиянын айрым бөлүктөрүн кайтарып берген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Австрия-Түркия согуштары (16-18-кылым), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.