Виннипег – Канаданын түштүгүндөгү шаар.
Манитоба провинциясынын административдик борбору. Калкы 663;617 миң (2011). Ред-Ривер жана Ассинибойн дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Ири жолдор тоому (шаар аркылуу трансканада темир жана автомобиль магистралдары өтөт). Эл аралык аэропорту бар.
Шаар 1873-ж. негизделген. Виннипег билим берүүчү ири борбор. Университеттер, музейлер (анын курамында планетарий), заманбап искусство галереясы. ж. б. бар. Театрлар (анын ичинде Виннипег король балети, 1939; Манитоба театр борбору ж. б.) иштейт. Жыл сайын театр фестивалы өткөрүлөт. Этностук маданий борборлору (украина, индей, кытай, еврей ж. б.) бар. Виннипег өлкөнүн дан эгиндүү аймагынын ири борбору же «буудай борбору» катары белгилүү болуп, Виннипег дан биржасы (өлкөдөгү жалгыз, Түндүк Америкадагы ири), Канада эгин комитетинин, Буудай өндүрүүчүлөрдүн бириккен ассоциациясынын штаб-квартираларын камтыйт. Айыл-чарба машиналарын куруу өнүккөн. Нефть ажыратуу, полиграфия, тигүү (фермерлер үчүн жумушчу кийим), тамак-аш (эт, сүт, ун, кондитер азыктары, пиво кайнатылат) өнөр-жай ишканалары иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Виннипег, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.