Виндзорлор династиясы – 1901-жылдан такка келген англиялык королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондуктан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жылдан В.
д. аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда антигермандык маанай күчтүү болгондуктан, королева Виктория менен немис принци Альберт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг V алып салууну чечкен. Виндзорлор династиясы аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиденциясы болуп келген Беркширдеги Виндзор сепилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард VII, Георг V, Эдуард VIII, Георг VI. Учурда башкарып жаткан королева Елизавета II (1952-ж. такка отурган) Виндзорлор династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин такка келиши менен жаңы династиянын башкаруусу башталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Виндзорлор династиясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.