Вилюй (якутча Билю) – Якутиядагы дарыя; Ленанын сол куймасы.
Узундугу 2650 км, алабынын аянты 454 миң км2. Ортоңку Сибирь бөксө тоосу жана Борбордук Якут түздүгү аркылуу агып өтөт. Чернышевский кыштагы тушта ГЭС жана суусактагыч курулган. Негизги куймалары: Чона, Улахан-Ботуобуя, Оччугуй-Ботуобуя (оң), Ыгыатта, Марха, Тюнг (сол). Орточо чыгымы 1480 м3/сек. Октябрдын ортосунан майдын орто ченине чейин тоңот. Чатынан 1371 кмге (суусактагычтан суу коё берилгенде Чернышевский кыштагына чейин) кеме жүрөт. Балык (осётр, таймень, ленок, нельма, чир) кармалат. Башкы порттору: Чернышевский, Нюрба, Вилюйск.
Вилюй | |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 2 650 км |
бассейндин аянты | 454 000 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Лена дарыясы |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
Област | Якутия |
ОМСР | 18030800112117400003664 |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вилюй, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.