Велосипед

Велосипед - (лат.

velox тез, ылдам жана pes бут) адамдын булчуң күчү менен кыймылга келип, биринин артына бири жайгашкан дөңгөлөктөрдөн туруп, рама менен бириктирилген транспорт каражаты. Туңгуч велосипедди (4 дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү арабаны) ар кайсы өлкөлөрдүн (Германия, Франция, Россия, Англия) ойлоп чыгаруучулары жасашкан. Алдыңкы дөңгөлөгү (жетелөөчү) чоң, арткы дөңгөлөгү кичине болгон, эң алгачкы педалдуу велосипедди орус мастери Е. М. Артамонов жасаган. 1808-ж. Парижде рулдук башкаруусу жок эки дөңгөлөктүү велосипед жасалып, ал бут менен жерди түртүү аркылуу кыймылга келген. 1863-ж. ага-ини Пьер жана Эрнст Мишо алдыңкы дөңгөлөгүнө бекиген педалдуу оюнчук велосипед ойлоп табышкан. Велосипеддин түрү жана конструкциясы улам өркүндөтүлүп, 19-кылымдын аягында чынжыр аркылуу кыймыл берүү, шариктүү подшипник (1877), жел толтурулган (пневматикалык) шина (1889), кыймылды алмаштыруучу механизм (1889) киргизилген. 20-кылымдын башынан баштап кеңири таралган жеке транспорт каражаты. Себеби пайдаланууга ыңгайлуу, баасы арзан. Арналышына жана констрсынын өзгөчөлүгүнө жараша жол жүрүүчү (эркектер жана аялдардыкы), өспүрүмдөр жана балдар үчүн, спорттук жана атайын велосипед болуп айырмаланат. Спорттук велосипеддин эки орундуулары да бар. Атайын велосипедге: циркте пайдаланылуучу, жүк ташуучу, үч дөңгөлөктүү (улгайгандар үчүн) ж. б. велоколяскалар кирет. Жүк ташуу үчүн велосипедге чиркелме түзүлүштөр, ошондой эле айрымдарына асма мотор орнотулат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

ГерманияЛатын тилиОрусия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жер көчкүЭтиштин чактарыОптикаxwyahҮркүнКүн тутумуКалык АкиевОюнАмерика Кошмо ШтаттарыКумтөрМаркетингЭлектр өткөргүчтүкУкук бузууСот бийлигиСогушАКШдагы жарандык согушСоң-КөлНоокат районуАктАдам укуктарыӨзгөчө кырдаалЖаш манасчыларЖарандык согушСоветтер Союзунун баатырыПублицистикаЖыл сүрүү жадыбалы«Кыргыз» этнонимиБиологияГлобалдык көйгөйлөрКен байлыктарЭмгекБаланын укуктары жөнүндө конвенцияБарпы АлыкуловКант диабетиБарсбек каганЖазгыч акындарЧүй облусуЧернобыль авариясыИчки Теңир-ТооБаяндоочБиринчи жардамУран (планета)Сары-ЧелекЛюдвиг ван БетховенКүн атмосферасыАвстралияБразилияСулайман-ТооЭлдик медицинаКоёндор жапайыТүштүк АмерикаСинтаксисЧүй өрөөнүКыргызстандагы металлдарМолдоваСатираАбстрактуу түшүнүкЖуңгар хандыгыМухаммед кыргызНарын мамлекеттик коругуРекреациялык ресурстарАлмамбетКараханийлер кагандыгыКоруктарСинонимБишкекАк Мөөр (поэма)ЧабалекейлерТуберкулёзАянтЖылдызОчеркКөкө уулу ЖеңижокКыргыз Республикасынын президентиКыргызстандын шаарларыСадыр ЖапаровАтоочтукКыргыз сүрөт өнөрү🡆 More