Бубен – орус элинин байыркы урма музыкалык аспабы.
Тегерек алкактын бир жагына тартылган жаргактын диаметри 400–500 мм. Алкактын оюктарына жука жез табакчалар кадалып, ич жагына жылаажындар тагылат. Добуш силкилдетүү же кол менен ургулоо аркылуу алынат. 19-кылымдан баштап симф. оркестрге кеңири пайдаланыла баштаган. Б. дэф, дяф же габал (азербайжан), даф же хавал (армян), дайра (грузин), дойра (өзбек, тажик), дайра же даф (иран) жана башка аттарда тараган. Байыркы Руста «Б.» барабан катары да пайдаланылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бубен, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.