Бошняктар, босниялыктар, босниялык мусулмандар (өздөрүн bosnjaci, muslimane деп аташат) Босния жана Герцеговинада жашаган калк.
Сербия (Санжак облусу), Черногория, Македония, Хорватия, Австрия, Түркияда да жашашат. Жалпы саны 2,3 млн киши (2005). Босния (босан) тилинде сүйлөшөт. Дини мусулман-сунниттер; христиандар, иудейлер да бар. Б-дын этностук негизин осмон-түрк басып алууларынын (1463–82) мезгилинде ислам динине өткөн Босния жана Герцеговинадагы славян калкы, ошондой эле мусулман топтору (түрк, араб, курд жана башка) түзгөн. «Бошняктар» деген аталыш расмий түрдө 1993-ж. (буга чейин мусулмандар деп аталган) кабыл алынган. Мал чарбачылык, дыйканчылык жана бакчачылык менен кесиптенишип, шаардыктар кабаттуу үйлөрдө, айылдыктар квартал-махалаларга бөлүнүп жашашат. Улуттук кийими кенен көйнөк, шым (чалбар), желет, башына кызыл топу (конус тибинде) кийишип, эркектер белине жазы кур байлашкан. 1950-жылга чейин аялдар жүздөрүн жаап жүрүшкөн. Тамак-ашы негизинен ун, эт, дан азыктары.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бошняктар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.