Бирк-Суу сымап кени — Баткен облусунун Лейлек районунда, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оң куймасы – Бирк-Суунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2300–3000 м бийиктикте.
13-к-дан белгилүү. 1941–45-жана 1951–54-ж. геол. изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоотек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Сымап рудасы ошол жаракалар менен байланышкан жана ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда руда түйүндөрүн түзөт. Жалпы узундугу 25 км, туурасы 0,5–3,5 км келген аймакта руданын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал–киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц жана флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Руда герцин металлогениялык доордун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–50-жылдары казылып, киреше бербеген соң убактылуу токтотулган. Сымаптын орточо өлчөмү 0,37%. Руданын С1+С2 категориялары боюнча запасы 45 миң т, сымаптыкы запасы 167 т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бирк-Суу сымап кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.