Белгород - РФтеги шаар.
Белгород облусунун админстративдик борбору. Северский Донец дарыясынын боюнда. Калкы 384,425 миң (2015). Темир жол тоому. Курулуш материалдарын (цемент заводу, асбест-цемент, бор-акиташ комбинаттары ж. б.) чыгарат. Машина куруу (анын ичинде энергетикалык машина жана прибор куруу, электр-техника, радиоэлектроника, металл конструкциялары, заводдору ж. б.), металл иштетүү, химия, тамак-аш ж. б. өнөр жайлары, 4 ЖОЖ, 2 театр, крайтаануу, көркөм музейи бар. «Курск салгылашуусу» музей-диорамасы иштейт. 1237-жылдан (археологиялык маалыматтар б-ча 10-к-дан) белгилүү. 17-к-да крым татарларынан коргонуунун борбору болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Белгород, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.