Асфальт-бетон - шагыл, кум, минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит жана башка) битум менен болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, асфальт эритмеси деп аталат.
Ал даярдалышына жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ысык (120°Сден жогору), жылуу (50-100°С), муздак (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8-10 ай сакталат. Асфальт-бетонго суу жукпайт жана өтпөйт. -15°Сде анын бышыктык чеги 15-20 МПа, 20°Сде 2-3 МПа, 50°Сде 0,8-1,2 МПады түзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн жана эксплуатациялоо факторлорунан асфальт-бетон эскирип, коңторулууга дуушарланат. Азыркы технология боюнча рециклер машинасы аны регенерациялайт, башкача айтканда коңторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. Автомобиль жолу, жан жол, аэродром жана көпүрөлөргө, өнөр жай имараттарынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкектигине (жакшы, начар, суюк) жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ысык (120°С), жылуу (40-80°С), муздак (10°), кошула турган техзаттын кесектиги боюнча кесек, орто жана майда дандуу, ошондой эле кумдуу асфальт-бетон болуп ажыратылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Асфальт-бетон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.