Курулуш Материалдары

Курулуш материалдары — имараттарды же башка жайларды курганда же оңдогондо колдонулуучу табигый жана жасалма материалдар.

Курулуш материалдары курамы жана сапаты боюнча табигый таш (талкаланган, кесилген, жылмаланган); бириктиргич борпоң материалдары (кум, шагыл); орг. (битум, рубероид, толь, асфальт-бетон, аралашмалар ж. б.); органикалык эмес жабышкак материалдар (гипс, акиташ, цемент ж. б.); карапа материалдар (кыш, карапа ташы жана тактасы); жыгач (тактай, фанера); металлдар (болот прокаттар, арматуралар, имараттын каркастары, өткөргүч түтүктөр); жылуулук, суу жана үн өткөрбөөчү материалдар ж. б. болуп бөлүнөт. Курулуш материалдары колдонулушу боюнча фундаментке (бетон, таш, темир-бетон), дубалга (кыш, бетон, карапа, блок, панель), имаратты жабууга (темир-бетон такталары жана панелдери, көңдөй карапа, жыгач материалдары), полго (тактай, паркет, карапа такталары ж. б.), чатырды жабууга (черепица, сланец, шифер, жука темир жана чоюн такта), жылуулук жана суу өткөрбөөгө (минерал жана айнек кебездери, көбуктүү бетон жана айнек-жыгач була, кийиз, кебез, пергамин, сыр, лак, чопо, цемент ж. б.), кооздоо жана жасалгалоого (гранит, акиташ, мрамор, карапа такталары, шыбак аралашмалары, линолеум, кооз кагаз) ж. б. колдонулма материалдар болуп айырмаланат. Жалпысынан курулуш материалдарынын түрлөрү абдан көп, алар бири биринен сапаты, курамы жана арналышы боюнча айырмаланат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Америка Кошмо ШтаттарыКыргыз Республикасынын экономикасыПрокси серверОктябрь революциясыМухаммед пайгамбарИсламТүштүк ЕвропаОрдо оюнуОшКан агууЭлектр энергетика системасыКомпьютердик тармакКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиВолейболНамазКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыАлыкул ОсмоновБизнесКурулуш материалдарыКен байлыктарЭмгек келишимиБеларусьЖоомарт БөкөнбаевТамактанууКыргызстандын шаарларыМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЕвропаОш коогалаңы (1990)КомпьютерКыргыз улуттук оюндарыЭхинококкозКүн тутумуКыргызстандагы жылуулук режимиСүт эмүүчүАйлана чөйрөнү коргооПланеталардын жандоочуларыСелкинчекСатираБиринчи дүйнөлүк согушКөбөйтүүКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыӨмүр баянКожомбердиев ТурарСөз түркүмүШамалСтилистикаМаданий өсүмдүкПотенциалдык энергияГапаров МурзаОрганизмКасымалы БаялиновМанас эпосунун өзөктүк окуяларыКыргызстандын Россияга каратылышыКыргыз аттарыЖер титирөөЖүрүм-турумИсхак РаззаковДан өсүмдүктөрүКалдыксыз технологияӨзгөргүчтүкЖөндөмө категориясыКыргызстандын дары сууларыРоза, гүлHTMLБаткен районуБайыркы Египет маданиятыIP-дарекКыргызстандын чек араларыЖердин экологиялык маселелериБөлүүКыргыз музыкасыТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыБакаКөмүртекДарыяТыныш белгилериАрхаизм🡆 More