Армян-апостол чиркөөсү - христиандык чиркөөнүн эң байыркысы.
Чиркөөнүн мүчөлөрүн армян-григоряндар деп аташат. Анткени анын негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-жылы Григордун демилгеси менен Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган жана Армения христиан динин мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. Армян-апостол чиркөөсүндө Кудайга тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млн го жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия жана башка өлкөлөрдө бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Армян-апостол чиркөөсү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.