Анализдик тилдер - сүйлөмдөгү сөздөр өз ара сөздөрдүн грамматикалык формалары менен эмес, аналитикалык формалар: предлог, артикль сыяктуу жардамчы сөздөр, сөздөрдүн орун алуу тартиби, интонация аркылуу байланышкан тилдер (мисалы, англис, француз, жаңы перс, болгар жана башка тилдер).
Тилдерди аналитикалык жана синтетикалык деп бөлүштүрүү немец лингвисти А. Шлегель тарабынан алгач флексияланма тилдер үчүн сунуш кылынып, А. Шлейхер мындай бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетүү менен агглютинативдик тилдерге карата да колдонгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Анализдик тилдер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.