Александрия китепканасы - байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миңден 700 миңге чейинки том); б.
з. ч. 3-кылымда Александрия шаарында (Египет) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан. Каллимахтын жетекчилиги менен Александрия китепканасындагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. Александрия китепканасынын бир бөлүгү б. з. ч. 47-ж. Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепканасынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-ж. император Феодосий Інин тушунда китепкананын бир бөлүгү Сераппс храмында сакталып турганда христиан фанатиктери тарабынан, андан калганы 7-8-кылымда жок кылынган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Александрия китепканасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.