Динара Акулова — 1964-жылы 10-сентябрда Жети-Өгүз районунун, Светлая Поляна айылында туулган.
Динара Акулова | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Туулган датасы | 10 -сентябрь 1964 (59 жаш) |
Туулган жери | Светлая Полияна айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Жанрлары | |
Super.kg: ID 95 |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2005), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021). Кыргыз эстрада ырчысы жана киноактриса. Эгемендүүлүтөн кийинки кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири.
1964-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы, Светлая Поляна айылында туулган. Ал таенеси Асылдын колунда өскөнү менен өз ата энесинен кол үзгөн эмес. Атасы Догдурбек комуз чертип, жары Гулай экөө кошулуп алып майрамдарда эл алдына чыгып ырдап жүрүшкөн. Динара кичинесинен комуз черткенди, гармошка, аккордеон тартканды үйрөнүп ырдай баштаган.
Ал Караколдогу Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайын, Бишкекктеги искусство инсититун бүтүргөн.
К.Орозов атындагы эл аспаптар аркестиринде альт комузда ойногон. Комуздун коштоосунда элдик ырларды ырдаган.
Кийин эстрада ырларына өтөт. Марат Алыбаевдин “Эй, жазгүлүм” “менсени сүйөм”, “Аккордеон” деген ырларын аткарып,бүт Кыргызстанга белгилүү болот. Тараз Асанакуновдун “Аккуу белең Айперим”, кийин Ибирагим Жунусовдун “Эламанын” аткаруу менен Динаранын атак-даңкы ого бетер артты. Кийин өзү “Динара” эстрадалык тобун түзүп, чыгармачылык ийгиликтери жогорку бийиктикке жетишет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Динара Акулова, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.