Актерек кум-шагыл кени – Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 7 км түштүк-батышта, Ош–Ноокат жолунун боюнда, Жапалак кыштагынан 3 км түштүк тарапта.
1965–73-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен неоген-төртүнчүлүк мезгилдин башталышында пайда болгон борпоң кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кесек фракциялар начар жумуруланган, иргелбеген, жалпак формадагысы арбын (11,5–14,6%), чопо бөлүкчөлөрү 14%. Кум ири бүртүкчөлүү, кесектик модулу 12%, органикалык кошундулар жана слюда жок. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланса болот. Запасы А+В–2213 миң м3, С1–7866 миң м3, А+В+С1–10079 миң м3, 1997-жылга карата баланстагы запасы: С1– 348 миң м3.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Актерек кум-шагыл кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.